Бишкекке алынган автобустардын жарымы январдын аягына чейин келет - убадалар уланууда

Бишкекке алынган автобустардын жарымы январдын аягына чейин келет - убадалар уланууда

Январь айынын аягына чейин Бишкек шаарына Кытайдан алынган 120 автобустун жарымы келип калат. Бул тууралуу «Т-Медиага» Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын директору Бакыт Темикеев билдирди.

Буга чейин автобустар 2022-жылдын 15-декабрына чейин келиши күтүлгөн болчу. Темикеевдин «Т-Медиага» билдиришинче, алып келүүнүн кечеңдешине Кытайдагы пандемия себеп болгон.

«Автобустар негизи декабрь айынын аягына чейин келет деген план бар болчу. Кытайдагы пандемиядан улам ал жакта провинциялар, шаарлар жабык болуп, бир шаардан экинчи шаарга өтүш бир аз кыйынчылыктарды жартатып жатат. Азыркы учурда 101 автобус Кытай менен Казакстандын Бакту чек-ара өткөрмө жайында турат. 19 автобус Казакстандын шаарына келип калды. Бирок, жол жабык. Аба-ырайын карап турат. Буюрса, январь айынын аягына чейин жок дегенде жарымы келип калышы мүмкүн», — деди Темикеев. 

Эскерте кетсек, газ менен жүрүүчү 120 автобус шаардык бюджеттин эсебинен сатылып алынган. Сатып алуу баасы 1 млрд сомду түзгөн. Буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башчысы Беккул Жекшенкулов жаңы автобустарга борбор калаанын герби түшүрүлгөнүн, алар Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр экенин билдирген болчу.

Кошумча окуңуз:

Бишкек мэри Кытайдан келе жаткан автобустарды чек арадан өтүүнү тездетүүнү суранды

Бүтпөс жомок – Бийлик Бишкектен бүт кичи автобустарды алып, электробустарды алып келүүнү дагы убада кылды

Бишкек мэриясы 350 автобус алып келүү боюнча келишим түздү

ЕРӨБ КРга 33 млн евро насыя берет

КР Бишкекке автобустарды алуу үчүн АӨБдөн дагы 56 млн доллар кредит алат

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз

КР ЕРӨБдөн автобус алууга алчу акчанын басымдуу бөлүгү кредит түрүндө келет – 25 млн евро

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, айдоочу жок – вице-мэр

Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт – мэрия

Бишкектин жетекчилиги 200 автобус сатып алууга шашылыш тендер жарыялады

Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

“Биз жомоктордон тажадык” – “Жашыл энергетика” фондунун жетекчиси экологиялык саясат үчүн бийликти сындады

Бишкек мэриясы АӨБ менен биргеликте 120 электробус алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо

АӨБ берген каражатка жакында Бишкекке 120 автобус алынат – мэрия

Мындан тышкары окуңуз

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

Бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты

2-августта Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын имаратында капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан ашкананын жана машыгуу залынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана тиешелүү ыкчам кызматтар дароо келишкен. Өрт саат 17:54тө чектөөгө

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Кыргызстандын аймагында 3-августта саат 05:35те күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,