Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Соңку 5 жылда айыл чарбасын колдоодо конкреттүү жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, натыйжа чыгаруу үчүн 5 негизги чечим кабыл алынган. Алардын бири катары фермерлерге асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3%дык жеңилдетилген насыя берүү саналат. Быйыл 238 адамга 1,1 млрд сомдон ашык каражат берилген. Анын негизинде асыл тукум чарбалардын саны 186дан 232ге өскөн.

6%дык жеңилдетилген насыянын алкагында 2022-жылдан бери 11 783 дыйканга жана чарбага 27,5 млрд сом бөлүнгөн. Сактоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө да олуттуу иштер аткарылган. Өлкө боюнча 49 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Жашылча сактоочу кампалардын жалпы сыйымдуулугу 171,9 миң тоннаны түзгөн.

Айыл чарбасын санариптештирүү иштери жүргүзүлүп, "iDyikan" платформасы ишке кирген. Ага 2 529 фермер катталып, жеңилдетилген насыя алуу үчүн 1 254 онлайн-арыз ташташкан. Ошондой эле айыл чарба жерлерин жана суу ресурстарын спутник аркылуу мониторингдөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Сугат суусу жана ирригацияны жаңылоого 2021–2026-жылдары 19 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Натыйжада 7 102 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 71 896 гектар жердин суу менен камсыздалышы жакшырган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды