China Southern Airlines авиакомпаниясы Бишкек - Сиань туруктуу аба каттамын ачат

Бишкектен Сианьга туруктуу авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.

«МЭА» ААКтын берген маалыматына караганда, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы келерки айда Сиань – Бишкек – Сиань багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат.

«Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылмакчы. Жаңы багыт боюнча каттамдар 11-февралдан баштап, ар жекшемби сайын аткарылары күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда