Германиянын КРдагы элчилиги чакан долбоорлорду каржылайт - арыздарды кабыл алуу башталды

Кыргызстандын институттары тарабынан өз алдынча каржылана албаган чакан долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Федералдык Өкмөт КРнын калкынын жакыр катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ийкемдүү, тез жана натыйжалуу жардам көрсөтүү максатында чакан долбоорлорду колдоону көздөөдө.

Жардам жергиликтүү өз алдынча каржылана албаган долбоорлорго берилет. Чакан долбоор үчүн негизги шарт – алар бюджеттик жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек жана элчилик үчүн кайталануучу милдеттенмелерге алып келбеши керек.

Арыздарды кароодо элчилик калктын аялуу катмарынын: балдардын жана жаштардын, аялдардын, кары-картаңдардын жана майыптардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чакан долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат.

Чакан долбоорлорго өтүнмөлөрдү тандоодо жана баалоодо маанилүү критерийлер болуп долбоордун аткаруучуларынын жана колдонуучуларынын өздүк салымы көрсөтүлөт. Чакан долбоорлорго өтүнмөлөр, жылдын башында элчиликке кат формасында жана/же info@bischkek.diplo.de дареги боюнча электрондук почта аркылуу берилиши керек.

Толук маалыматты бул шилтемеден алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

МИК "Айымдар ипотекасы" боюнча түшүндүрмө берди

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда