Жазында Сокулукта 8 га жерге жаңы мал базардын курулушу башталат

Жазында Сокулукта 8 га жерге жаңы мал базардын курулушу башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

«Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», – деди ал. 

Андан соң Жапаров 8 га аянтта куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты.  

«Бул объектте толук кандуу курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталышы керек. Министрлер кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базары үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн аны куруу долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бузган жарандарга карата таасир этүүчү чараларды көрдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун төрт тургунуна жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда лицензиясы жок

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргызстан – Ысык-Көл 2026" UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын салтанаттуу жабылыш аземине катышты. Ал өз сөзүндө мелдештин жүрүшүндө Ысык-Көл дүйнөнүн мыкты спортчуларын жана суудагы эң ылдам жарыш кайыктарын кабыл алганын белгилеп, Кыргызстан ири эл аралык спорттук

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерге баа

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2-августтан тартып эстакадалык көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабынын алкагында 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошонлой эле курулуш-монтаж