Эми мамлекеттик ипотеканы пенсиялык топтоолордун эсебинен төлөөгө болот

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) насыя алган кыргызстандыктарга пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен ипотекалык насыясын төлөөгө уруксат берди.

Мындай маалымат өзгөртүүлөр киргизилип жаткан «КРнын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомунда минкабдын сайтында жарыяланды.

Эң аз сумма 50 миң сомду түзүп жана ипотекалык насыянын калдыгынан ашпаш керек.

Ал токтомдо кайсы учурда жана кимдерге берилери айтылат:

  • Ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн (50 миң сом) кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада
  • Ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамга, ошондой эле жубайына бир жолу, эгерде ар биринин пенсиялык топтоолорунун суммасы кайрылган учурда өз өзүнчө беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем болбосо жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаса
  • «КРнын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду» мекемеси камсыздандырылган адамдын, ошондой эле анын жубайынын пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө чечимди алгандан кийин пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) банктын ырастоосунда көрсөтүлгөн банк эсебине которот.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун