Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жарандардын 366 кредити жоюлду

Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жарандардын 366 кредити жоюлду

Улуттук банк 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан жарандардын кредиттерин жоюу жана реструктуризациялоо боюнча коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын иштерине мониторинг жүргүзгөнүн билдирди.

Регулятордун берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын 30-декабрына карата абал боюнча ФКУга 514 карыз алуучу кайрылган, 31 млн 480 миң сом суммасында 366 кредит жоюлган, 63 млн 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган. 

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрында «КРнын Улуттук банкынын Баткен облусундагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алган.

Анда комбанктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен облусунда жашаган жана/же ишкердик жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алуу боюнча арыздарын артыкчылыктуу тартипте кароо, ошондой эле алардын кредиттерди/кепилдиктерди берүү боюнча ички жол-жоболорун карап чыгуу сунушталган.  

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды

Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды

Бүгүн Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси шаар тургундары үчүн чоң белек болуп, жүздөгөн бөбөктөргө сапаттуу тарбия жана билим алууга

Кытай – Гуанчжоу багыты боюнча түз авикаттам ачылат

Кытай – Гуанчжоу багыты боюнча түз авикаттам ачылат

Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү China Southern Airlines авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүшкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу багыты боюнча туруктуу авиакаттамды ачуу маселеси, ошондой эле Бишкек—Гуанчжоу—Санья (КЭРдин Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттамды ишке киргизүүнүн келечеги

Быйыл 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт

Быйыл 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт

Кыргызстанда 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт. Каттоонун мөөнөтүн ушул мөөнөткө жылдыруу чечими маалыматтарды сапаттуу жана ишенимдүү чогултуу максатында 2025-жылдын аягында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Улуттук статкомдун өкүлдөрүнүн айтымында, айыл чарба каттоосу өлкөнүн айыл чарбасынын абалы жана түзүмү тууралуу толук, объективдүү жана актуалдуу маалымат алууга багытталган масштабдуу

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы фискалдык программалык камсыздоо (ФПК) — сатуу жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүп берүүчү система  менен иштеген кафелерге текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафе тармагындагы олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бир менчик ээсине таандык үч мекемеде «көмүскө» эсеп жүргүзүү