Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 131 млн долларга өстү

Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 131 млн долларга өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 2022-жылдын ноябрь айынын акырына карата 5 млрд 349.8 млн долларды (451 млрд 777.6 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.

Өткөн жылдын октябрь айында бул сумма 5 млрд 218.6 млн долларды түзгөн. Ал эми ноябрь айында мамлекеттин тышкы жана ички кредиторлорго болгон карызынын көлөмү дагы 131.2 млн долларга көбөйүп, 5 млрд 349.8 млн долларды түздү.

Милдеттенмелер тышкы кредиторлордун алдында (85 млн долларга), ички кредиторлорго (46.5 млн долларга) көбөйгөн.

Мамлекеттик карыздын түзүмү:
  • тышкы карыз — 4 млрд 275.8 млн доллар (80%)
  • ички карыз — 1 млрд 74 млн доллар (20%)

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, отургузууга даярдалган көчөттөр менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда питомниктин аймагына болжол менен 50 миң даана көчөт алынып келинген. Анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 30 миң даана дарак көчөтү отургузулду. Шаар башчысы иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча

Өзбекстанда бензин баасы АКШ бензин баасына жакындады

Өзбекстанда бензин баасы АКШ бензин баасына жакындады

Глобалдык экономикада энергетикалык ресурстардын, өзгөчө автоунаа күйүүчү майларынын баалары өлкөлөрдүн ички рыногуна жана калктын жашоо деңгээлине түз таасир этет. "GlobalPetrolPrices" агенттигинин маалыматына ылайык, 2023–2026-жылдар аралыгында бензин бааларынын өзгөрүүсү ар кандай тенденцияларды көрсөткөн. 2026-жылдын башында Өзбекстанда AI-95 маркадагы бензиндин литри 1,08 доллар болгон, бул АКШдагы баага (1,