Өзбекстанда бензин баасы АКШ бензин баасына жакындады

Өзбекстанда бензин баасы АКШ бензин баасына жакындады

Глобалдык экономикада энергетикалык ресурстардын, өзгөчө автоунаа күйүүчү майларынын баалары өлкөлөрдүн ички рыногуна жана калктын жашоо деңгээлине түз таасир этет. "GlobalPetrolPrices" агенттигинин маалыматына ылайык, 2023–2026-жылдар аралыгында бензин бааларынын өзгөрүүсү ар кандай тенденцияларды көрсөткөн.

2026-жылдын башында Өзбекстанда AI-95 маркадагы бензиндин литри 1,08 доллар болгон, бул АКШдагы баага (1,13 доллар/литр) жакын. Чакан салыштыруу:
  • Кыргызстан — 0,92 доллар
  • Россия — 0,83 доллар
  • Азербайджан — 0,68 доллар
  • Казакстан — 0,51 доллар
  • Түркмөнстан — 0,43 доллар

Графиктерди талдоо көрсөткөндөй, эң чоң баалык өзгөрүүлөр Кытай жана АКШда байкалган. Өзбекстанда кээ бир учурларда баалар салыштырмалуу туруктуу болгон, бирок жалпы тенденцияда акырындык менен өсүү байкалган. 2026-жылдын башына карата өлкөдөгү бензин баасы жогорку деңгээлге жеткен.

Түркмөнстанда, Казакстанда жана Азербайджанда баалар салыштырмалуу туруктуу, бул мамлекеттин жөнгө салуусу же ички өндүрүштүн жогорку деңгээли менен түшүндүрүлөт. Кыргызстанда 2023-жылдан тартып баалар кыйла жогорулап, 0,9 доллар чамасында турукташкан. Россияда да 2025-жылдын ортосунан баштап баалардын өсүү тенденциясы байкалат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол