Акылбек Жапаров быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багытталарын убадалады

Акылбек Жапаров быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багытталарын убадалады

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров минкабдын 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрүп, анда быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багыттала тургандыгын билдирди.

Минкабдын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында Жапаров эки жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өскөнүн, консолидацияланган бюджет 438.1 млрд сомду түзгөнүн айтты.

“Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны 503 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет.

Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 млрд сом багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн тургундары менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев белгилегендей, аталган имараттар акыркы эки жылдан бери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө болуп, учурда алардын техникалык абалы начарлап, авариялык деп табылган. Жолугушууда тургундарды турак

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш тармагынын жалпы дүң продукциясынын көлөмү 18 млрд 26 млн сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23,2%га өскөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Февраль айынын жыйынтыгы боюнча курулуш продукциясынын көлөмү 12 млрд 383,3 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын февраль айына караганда 22,

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,