Накталай эмес формада сатуудан сатуу салыгы алына баштады

Накталай эмес формада сатуудан сатуу салыгы алына баштады

2023-жылдын 1-январынан баштап накталай эмес формада төлөнүүчү товарларды сатууда, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда накталай формада төлөнгөндөй эле сатуу салыгы алына баштады. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Алсак, сатуу салыгынын төмөнкү ставкалары колдонулат:

  • КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 1% өлчөмүндө, калган иш үчүн – 2% өлчөмүндө.
  • КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 2% өлчөмүндө, калган иш үчүн – 3% өлчөмүндө.

Ошондой эле банктар, турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча куруучулардын иши үчүн – 2% өлчөмүндө, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн – 5% өлчөмүндө сатуу салыгынын ставкалары каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуу фактылары аныкталып, тиешелүү прокурордук акт киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан, жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуу бассейни 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик учурлары келип чыккан учурда салымчыларга компенсация төлөп берүү үчүн банк-агенттерди алдын ала тандоонун жаңы тартибин бекиткен жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан документтин негизги максаты — төлөмдөрдүн башталыш мөөнөтүн кыскартуу жана аманаттарды коргоо тутумунун натыйжалуулугун

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өлкөдө өсүү борборлорун алгачкы пландаштыруу боюнча биринчи бирдиктүү методологияны иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Демилге Россия-БУУӨП өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоордун (III фаза) эксперттик колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Бул методология Министрлер Кабинетинин 2025-2030-жылдарга карата

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 16-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Ал