Улуу Британия 2023-жылы кыргызстандыктарды жумушка алуу боюнча квотаны көбөйттү

Улуу Британия 2023-жылы кыргызстандыктарды жумушка алуу боюнча квотаны көбөйттү

13-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британия өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу оператору Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда 2023-жылы ишке орноштурууну караган келишимге кол коюшту.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, келишимге ылайык, Кыргызстанга быйыл 2000 адамга квота берилет.

Программага 18-46 жаштагы кыргызстандыктар катыша алат. Келишимдин мөөнөтү – 6 айга чейин болуп, айлык акы жумуш саатына 10 фунт стерлингди түзөт.

Эске салсак, 2022-жылы кыргызстандыктарды Улуу Британияда ишке орноштуруу үчүн квота 1500 адамды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн тургундары менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев белгилегендей, аталган имараттар акыркы эки жылдан бери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө болуп, учурда алардын техникалык абалы начарлап, авариялык деп табылган. Жолугушууда тургундарды турак

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш тармагынын жалпы дүң продукциясынын көлөмү 18 млрд 26 млн сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23,2%га өскөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Февраль айынын жыйынтыгы боюнча курулуш продукциясынын көлөмү 12 млрд 383,3 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын февраль айына караганда 22,

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,