Жазында Кусейин Көлбаев атындагы тоннель ремонтко берилет

Жазында Кусейин Көлбаев атындагы тоннель ремонтко берилет

Жаз айларында Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктары жаңыртылып, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек – Ош автожолунда жайгашкан Төө-ашуудагы тоннелдин абалы менен таанышканы барган.

“Азыркы учурда тоннелдин ичиндеги жарыктар эптеп эле үлбүлдөп күйүп, жол дагы бузулуп бүткөн. Ошого байланыштуу Министр Текебаев тоннелдин ичиндеги жарыктарын жаңылап, жазында жолду асфальттоо иштерин баштоону тапшырды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Көлбаев атындагы тоннель – Бишкек – Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип, республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте, узундугу 2514 метр, бийиктиги 5.8 м, жол жабуусу 6.6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган.


Белгилей кетсек, буга чейин Economist.kg кабарлагандай, бул тоннелге альтернативдик тоннель куруу да каралып, министрлик Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте инвестор издеп жаткан. Долбоор 234 млн долларга бааланган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз газ сатуу жана экологиялык бузуулар аныкталды

Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү максатында ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейин өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Фучик көчөсүндөгү үйлөр бузулат: тургундарга жаңы батирлер сунушталды

Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн тургундары менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев белгилегендей, аталган имараттар акыркы эки жылдан бери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө болуп, учурда алардын техникалык абалы начарлап, авариялык деп табылган. Жолугушууда тургундарды турак

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

Январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш продукциясынын көлөмү 23,2%га өстү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда курулуш тармагынын жалпы дүң продукциясынын көлөмү 18 млрд 26 млн сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23,2%га өскөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Февраль айынын жыйынтыгы боюнча курулуш продукциясынын көлөмү 12 млрд 383,3 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын февраль айына караганда 22,

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,