«Кыргызиндустрия» «Кыргызтопчуга» 100 млн сом инвестиция салууну пландап жатат

«Кыргызиндустрия» «Кыргызтопчуга» 100 млн сом инвестиция салууну пландап жатат

«Кыргызиндустрия» ААК жылына 50 млн топчу чыгара турган «Кыргызтопчу» ЖЧКсын ишке киргизүүгө даярданып жатат. Бул үчүн учурда Бишкектеги штамптоочу заводдун №16 цехинин имараты оңдолууда.

Керектүү техникалар алынып келинип түшүрүлгөнү маалымдалды. Ал оңдоо иштери аяктагандан кийин дароо орнотулат.

«Импорттук тигүү фурнитураларын, тагыраак айтканда, топчу менен камсыздоо максатында, Кыргызстанда топчу чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизүү сунушталууда. Топчу чыгарчу цехтин курулушу ата мекендик тигүү ишканаларын сапаттуу жана керектүү топчу түрлөрү менен камсыз кылып, өндүрүмдүүлүктү, тигүү продукциясын экспорттоону жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-2020-жылдары башка өлкөлөрдөн келген тигүү аксессуарларынын көлөмү (тонна менен) 58%га өскөн, бул импорттун көбөйгөнүн айгинелейт. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр кездемелерди жана тигүү буюмдарын негизинен Кытайдан же Түркиядан алышат.

Топчу цехинин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 50 млн даанага чейин жетмекчи. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Кыргызиндустрия» ишканасы 100 млн сом өлчөмүндөгү каражатты инвестициялоону пландаштырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт. Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык,

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп