Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу - нонсенс

Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу - нонсенс

Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарынын 2022-жылкы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландары каралган кеңейтилген коллегияга катышып, Ош шаарынын бир канча көйгөйлөрүнө токтолду.

Жапаров Ош шаарынын алдында маанилүү милдеттер тургандыгын билдирип, түштүктөгү борбордун үч негизги көйгөйлүү маселесине токтолду:

  • калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо
  • тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу
  • шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.
«Бишкек жана Ош шаарлары экономиканы өнүктүрүүнүн локомотивдери болуп, артта калбашы керек. Алар башка облустар жана шаарлар үчүн стимул болушу керек. Тилекке каршы, иш жүзүндө биз такыр башка көрүнүшкө ээ болуп жатабыз.
Көп жылдардан бери шаар тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси чечилбей келет. Азыркы учурда анын жоктугу — нонсенс. Бул адамдын негизги муктаждыгы. Чара көрүп, бул маселени чечүү керек. Биз бул жаатта жардам берүүгө даярбыз», — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди

Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын январь айында республика боюнча 62 курулуш объектисине техникалык корутундулар берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Берилген корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга

Кыргызстандын эки банкы Евробиримдиктин санкциясына кабылышы мүмкүн

Кыргызстандын эки банкы Евробиримдиктин санкциясына кабылышы мүмкүн

9-февралда Евробиримдик (ЕБ) Россияга каршы санкцияларды кеңейтүүнү сунуштап, алардын курамына Россиянын мунайы өтүп жаткан Грузия менен Индонезиянын портторун киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле Россияга криптоактивдер тармагында кызмат көрсөтүп жаткандыгы үчүн санкциялык тизмеге Кыргызстандын эки банкы — «Керемет Банк» ААК жана «Капитал Банк» ААК кошуу каралган. Бул тууралуу эл аралык Reuters МАнен кабарлашты.

Жыл башынан бери дыйкандарга 81,4 млн сомдук  техника лизингге берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 81,4 млн сомдук техника лизингге берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүп келет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

"Алгачкы шаар Айда жакынкы 10 жылдын ичинде пайда болушу мүмкүн. SpaceX бул максатты өзү үчүн эң артыкчылыктуу деп эсептейт" деп билдирди компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск. "SpaceX өз фокусун Айда өз алдынча өнүгүп кете ала турган шаар курууга бурду, анткени теориялык жактан биз бул максатка 10 жылдан аз