Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди.

Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу максатында төмөнкү участокторго бөлүштүрүлдү:
18-участокко — 500 миң даана,
7-участокко — 500 миң даана,
13-участокко — 1 миллион даана,
40-участокко — 1 миллион даана.

Бул иш-чара Ысык-Көлдөгү балык ресурстарын көбөйтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгы келерки жылы Нарын облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысынын катышуусунда Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Анын алкагында "Тарых изи: жаралуудан келечекке" аттуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Көрсөтүүдө

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,