Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат

Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат

Президенти Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу кеңири маалымат берген.

“Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берди, анын максаты “Кумтөр” кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү.

Ошону менен бирге ал бул ишкананын гана эмес, башка тоо-кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу айтып берди”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен Гуанчжоуга

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын