Ош шаары да келечекте Бишкек сыяктуу чоң айылга айланып калуу коркунучу бар - Акылбек Жапаров

Ош шаары да келечекте Бишкек сыяктуу чоң айылга айланып калуу коркунучу бар - Акылбек Жапаров

Технологиялык өнүгүү доорунда Ош шаары өнүгүүдө болуп, ошол эле учурда тарыхый макамын сактап калуусу керек. Өлкөбүздүн борбору сыяктуу эле Ош шаары да келечекте чоң айылга айланып калуу коркунучу бар. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын 2022-жылкы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландары каралган коллегияда билдирди.

Коллегияда Жапаров шаар куруунун деталдуу планын иштеп чыгуу боюнча иштерди кыска мөөнөттө бүткөрүү зарыл экенин айтты.

Минкабдын жетекчиси Ош шаарынын алдында маанилүү милдеттер тургандыгын билдирип, түштүктөгү борбордун үч негизги көйгөйлүү маселесине токтолду:

  • калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо
  • тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу
  • шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.

«Шаардагы салык чогултуу борборго салыштырмалуу 10 эсеге аз, ал эми шаардын бюджети болгону 2.2 млрд сомду түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, Ош мамлекеттик университетинин бюджети 4.1 млрд сомду түзөт. Шаарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү керек,», – деди ал.

Мындан тышкары, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык мэриясынын бир катар кызматкерлери мыкты иши үчүн сыйланып, муниципалитеттин бир нече кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Мындан тышкары окуңуз

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен Гуанчжоуга

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын