Жогорку Кеңеш Кыргызстанга 30 млн доллар насыя алуу боюнча келишимди кабыл алды

Жогорку Кеңеш Кыргызстанга 30 млн доллар насыя алуу боюнча келишимди кабыл алды

Парламенттин бүгүн, 8-февралдагы жыйынында депутаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга 30 млн доллар бөлүү боюнча келишимин карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.

«Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоору аркылуу ЭАӨ насыя түрүндө 30 млн доллар берет.

Аталган долбоор социалдык коргоо системасын чыңдоого, калктын максаттуу топторун колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө жана жакыр жана аялуу катмардагы жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Долбоор үч компоненттен турат:

  • 1-компонент: «Үй-бүлөгө көмөк» программасынын алкагында тез жардам көрсөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
  • 2-компонент: Калктын аялуу катмары, анын ичинде эмгек мигранттары үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.
  • 3-компонент: Социалдык коргоо системаларын чыңдоо.

ЭӨА Кыргызстандагы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеңеш ЭӨА менен 30 млн доллардык долбоорду макулдашууну жактырды

Мындан тышкары окуңуз

Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, IV Элдик курултайдын 71 делегаты аны алдаганын айтты. Өлкө башчысынын айтымында, курултайга келген делегаттардын баары жакында өткөн шайлоого катышканын билдирип, кол көтөрүшкөн. "...Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө

Вьетнамдан 16,4 млн сом өлчөмүндөгү алдамчылыкка айыпталган жаран экстрадицияланды

Вьетнамдан 16,4 млн сом өлчөмүндөгү алдамчылыкка айыпталган жаран экстрадицияланды

КРнын Башкы прокуратурасынын Вьетнамдын компетенттүү органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, жабырлануучуларга алдамчылык жолу менен 16,4 млн сом өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген Т.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарына жеткирилип, ага карата кылмыш куугунтуктоону улантуу максатында тергөө абагына камакка алынды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадициялоо КР

Акыркы 4 жылда КМШ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүгүртүүсү 18%га жогорулады

Акыркы 4 жылда КМШ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүгүртүүсү 18%га жогорулады

КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдин айтымында, акыркы төрт жылда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соодасы 18%га жогорулаган. Берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын ортосуна карата КМШ өлкөлөрүнүн топтолгон өз ара инвестициялары рекорддук деңгээлге — 41,6 млрд долларга жеткен. "Ири инвестор катары объективдүү түрдө региондогу эң ири экономика катары Россия чыгууда.

Президент шайлоого катышуу боюнча жалган айткандарды ачыкка чыгарарын билдирди

Президент шайлоого катышуу боюнча жалган айткандарды ачыкка чыгарарын билдирди

Президент Садыр Жапаров Курултайда парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусунун аз болгондугун өкүнүү менен билдирди. "Биз дистанциялык добуш берүүнү киргиздик. Мисалы, сиз Ош шаарында болсоңуз — базарда, соода борборлорунда шайлоо тилкелерин ачтык: кирип, 5 мүнөттө эле добуш берсеңиз болот. Москвада, Чикагодо, ал тургай Африкада болсоңуз да добуш берсеңиз болот. Мен шайлоочулардын катышуусу