СӨПтө курулуш компанияларынын жетекчилери чогулуп, комитет түзүштү

СӨПтө курулуш компанияларынын жетекчилери чогулуп, комитет түзүштү

Соода-өнөр жай палатасында Кыргызстандын ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөнүн СӨПтүн жетекчиси Темир Сариев билдирди.

Жолугушууда Түркиядагы жер титирөө бүткүл дүйнөлүк коомчулукту ойлонтконун, бул кайгылуу окуя Кыргызстанда турак жайларды курууда кандай материалдар колдонулат деген сыяктуу маселелер айтылган.

“Курулуш бизнеси ишкердик чөйрөсүндөгү флагмандардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө анын үлүшү ИДПнын 17%на жетти. Бул абдан жакшы көрсөткүч, бирок өсө турган дагы көп жерлер бар, ал үчүн мыйзам чегинде бирге тоскоолдуктарды жоюу зарыл”, – деди Сариев.

Жолугушуунун жыйынтыгында Соода-өнөр жай палатасынын алдында курулуш боюнча Комитет түзүү чечими кабыл алынган.

“Талкуудан кийин комитеттин төрагалыгына “Эмарк групп” курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовду дайындоо чечими кабыл алынып, ал кесиптештерин курулуш тармагынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы