"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти.

Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет.

30-марттан 3-апрелге чейинки Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик орган, коммерциялык банк, финансылык компания жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ачык сабак, семинарлар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюн жана викториналар өткөрүлөт.

Глобалдык акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылган.


Глобалдык акча жумалыгы 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – келечекте финансылык жыргалчылыгын жана туруктуулугун жакшыртууга өбөлгө түзүүчү алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн балдарга жана жаштарга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү максатында сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Кыргызстанда Глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, Улуттук банк кампанияны өткөрүүнүн координатору катары иш алып барат.

Мындан тышкары окуңуз

Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет

Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды. Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык

Ишкер Media
Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкекте көйгөйлүү көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча системалуу иштер уланууда. Бул алкакта Миң-Куш көчөсү 21 дарегиндеги 15 батирлүү үйдүн маселеси чечилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, 8-октябрда министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов тургундар менен жолугуп,

Ишкер Media
Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Жапаровду тосуп алды. Лидерлер саламдашып, биргелешип сүрөткө түштү. Сүрөткө түшүү аземинде Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян,

Ишкер Media
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media