Бийлик келээрки жылдары Бишкекте ыш маселесин чечүүнү талап кылууда

Бийлик келээрки жылдары Бишкекте ыш маселесин чечүүнү талап кылууда

Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерин жана алардын алдын алуу жолдорун чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында борбордогу ыш көйгөйүн чечүү боюнча жол карта талкууланды.

«Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо маселеси каралып келет. Ошол эле учурда, ден соолукка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Ушуга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу  иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн «жол картанын» негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек», – деди Бакыт Төрөбаев.

Адистердин айтымында, борбор калааны ыш каптоосуна себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Бул жагдайды чечүү үчүн аларды жаратылыш газы менен камсыздоо каралууда. Ал эми калдыктарды жана желимдерди кайра иштетүү керек.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы