«Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө

«Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө

“Демир Банк” чет элдик инвестор менен чогуу Каракөл кичи ГЭСинин курулушун баштоону көздөөдө. Бул тууралуу инвестициялык форумдун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин “Кабар” агенттиги маалымдады.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, буга чейин Дүйнөлүк банк инвестор болот деп пландалып жаткан. Бирок долбоорду ратификациялоо процесси убакытты талап кылат.

«Өз кезегинде банктын башкармалыгы жана чет элдик инвестор чакан ГЭСтин курулушун 1.5-2 жылда бүтүрүүнү пландоодо», – деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин КР Энергетика министрлиги Кара-Суу дарыясына кичи ГЭС курууга тендер жарыялоого даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы