Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин эки айда жоюу тапшырылды

Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» холдингин эки айда жоюу тапшырылды

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААК жоюлат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим КРнын граждандык кодекси жана конституциялык мыйзамдарына ылайык кабыл алынган.

Кабыл алынган чечим алкагында Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКтын жоюусу жана жоюу боюнча комиссияны түзүүсү тапшырылды.

Жоюу боюнча комиссия эки айлык мөөнөттө «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

7-класстын жаңы математика китеби 145 миң нускада басылып чыкты

7-класстын жаңы математика китеби 145 миң нускада басылып чыкты

Агартуу министрлиги билдиргендей, 7-класстар үчүн математика окуу китептери жаңыдан басылып чыкты. Маалыматка ылайык, жакында министрликтин өкүлдөрү "Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында жаңы басылып чыккан китептерди кабыл алышты. Жаңы басылып чыккан окуу китептердин жалпы саны 144 965 нуска болуп, алар билим берүү уюмдарына жеткирүүгө даярдалууда. Бул китептер 7-класстын окуучуларына

2030-жылга чейин айылдарга дагы ипотекалык үйлөр курулат

2030-жылга чейин айылдарга дагы ипотекалык үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып, 2030-жылга чейин айыл жерлеринде дагы ипотекалык турак жайлар курула турганын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, облустук деңгээлдеги шаарлардагы курулуш иштери бүткөндөн кийин, 33 кичи шаарда жана 44 райондо турак жайлар курулуп, андан кийин айылдарга чейин жайылтылат. Ошондой эле өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык турак

Казакстандыктар үчүн декларацияларды салык органы өзү толтурмакчы болду

Казакстандыктар үчүн декларацияларды салык органы өзү толтурмакчы болду

Казакстанда КНС боюнча салык отчеттуулугунун формасын алдын ала толтуруу боюнча пилоттук сервис ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Tengrinews.kz Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетине шилтеме берип, жазып чыкты. Маалыматка караганда, 300.00 формасы боюнча отчет мамлекеттик кирешелер органдарынын маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде - эсеп-фактуралар, салык төлөөчүнүн жеке эсеби жана товарларга

Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды

Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда IV Элдик курултайда айылдарда Маданият үйлөрүн курууга ашыкпоого чакырып, анын себебин алар иштебей, бош туруп калып жатканы менен түшүндүрдү. Президенттин айтымында, Маданият үйлөрүн кармоо да кошумча чыгымдарды талап кылат. Мисал катары ал өзүнүн туулган Кең-Суу айылындагы Маданият үйүн келтирди. "Аны эч ким колдонбойт. Болгону кээде