ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн

ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн

Ош шаардык прокуратурасы Ошто мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендигин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ош, Баткен облусттары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары жана “Кыргызкөмүр” МИнин Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке түшө турган пайданы атайын азайтышкан.

Натыйжада, жеке жактардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, өздөрүнө пайда табуу максатында “А.Т.” жеке мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке 1 млн 964 миң сомдук ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт

Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суу маселесин көтөргөн делегатка жооп берип жатып өлкө боюнча 106 сууну суткалык жөнгө салуу бассейндери курулуп жатканын ортого салды. Мамлекет башчысы белгилегендей, 2-3 жыл мурда коюлган тапшырма боюнча, элдин муктаждыктарына жараша кезек-кезеги менен объекттер салынып жатат. “Азыр 11-объект бүтүрүлдү. Дагы10 объект курулуп жатат. Мунун баарын

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн.

Январдан тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Январдан тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

1-январдан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк жана аялдама комплекстерин куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен кабыл алынып, майрамдык эс

Бир жылдын ичинде 291 социалдык объект пайдаланууга берилди

Бир жылдын ичинде 291 социалдык объект пайдаланууга берилди

2025-жылы республикалык бюджеттен социалдык-маданий багыттагы объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү үчүн жалпы 15,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул 2024-жылдагы 11,6 млрд сомго салыштырмалуу 33,6 пайызга көп. Мындай билдирүүнү Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, 2025-жылы Курулуш министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан