Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты

Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) былтыр 4.2 млрд сом киреше алса, анын 92% экспорттун эсебинен камсыздалган. Бул тууралуу аталган парктын директору Чубак Темиров отчеттук маалыматында билдирди.

«2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 4.2 млрд сомдон ашык киреше алдык, бул мурдагы 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 100%га көп. Анда ишканалар 2.1 млрд сомдон ашык киреше алышкан. Максатыбызга толук жеттик. Эми 2023-жылга карата жаңы максатыбыз – бул көрсөткүчтү 8 миллиардга жеткирүү. Биз ийгиликке жетебиз деп ишенебиз”, – деди ЖТПнын директору.

Өткөн жылы 185 компания иш алып барган, ал эми учурда ЖТПнын курамында 260тан ашык IT-компания иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт

Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суу маселесин көтөргөн делегатка жооп берип жатып өлкө боюнча 106 сууну суткалык жөнгө салуу бассейндери курулуп жатканын ортого салды. Мамлекет башчысы белгилегендей, 2-3 жыл мурда коюлган тапшырма боюнча, элдин муктаждыктарына жараша кезек-кезеги менен объекттер салынып жатат. “Азыр 11-объект бүтүрүлдү. Дагы10 объект курулуп жатат. Мунун баарын

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Өлкө боюнча 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн.

Январдан тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Январдан тарта Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

1-январдан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк жана аялдама комплекстерин куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен кабыл алынып, майрамдык эс

Бир жылдын ичинде 291 социалдык объект пайдаланууга берилди

Бир жылдын ичинде 291 социалдык объект пайдаланууга берилди

2025-жылы республикалык бюджеттен социалдык-маданий багыттагы объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү үчүн жалпы 15,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул 2024-жылдагы 11,6 млрд сомго салыштырмалуу 33,6 пайызга көп. Мындай билдирүүнү Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, 2025-жылы Курулуш министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан