Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады

Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Zhongtong 6105 маркасындагы 120 жаңы автобустун кыймыл чиймесин аныктаганын билдирди.

Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • №35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №48 автобустук каттам (Батыш автобекети – Чыгыш автобекети (айланма) узундугу – 18 км, аралыгы – 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы – 7 минута шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.
  • №42 автобустук каттам (12 к/р. – Ала-Тоо ж/к) узундугу – 49.6 км, аралыгы – 7 минута шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.
  • №7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р – Дача Достук) узундугу 40.7 км, аралыгы 7 минута шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108).

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан:

  • №31 автобус (Ынтымак ж/к – айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.
  • №49 автобус (Арча – Бешик ж/к – айланма) узундугу 24.2 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №50 автобус (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №19 автобус (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жогоруда аталган 54 бирдик санындагы автобустар 162 кичиавтобусту алмаштырат, бул шаардын экологиясына атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы