«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» - Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты

«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» - Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты

Жаңы финансылык стратегия “Кыргызстан – региондук бизнес – оазис” пилоттук аталышындагы амбициялуу улуттук программанын негизин түзөт. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Дубайда өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде (WGS) “Туруктуу өнүгүү максаттары аракетте” панелдик сессиясында сүйлөп жатып билдирди. 

Жапаров биздин регион бир бүтүн аймак катары глобалдуу тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шарттарынан улам экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгууда деп билдирди. 

“Акыркы убакта биз көрүп жаткан ачык тенденциялардын бири – дүйнөлүк экономикалардын глобалдашуусу.

Бардык экономикалар ички потенциалды жогорулатууга жана импорттун ордун алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бул табигый нерсе, айрыкча пандемия мезгилиндеги локдаундардан улам глобалдык логистикалык чынжырлар бир эле учурда бүт аймактарда иштебей калганын көрдүк. Азыр өлкөлөр же бүтүндөй регионалдык байланыштар тездик темп менен аутенттүүлүккө умтулуп жатышат.

Дагы бир тенденция – билим берүү жана билим берүү моделдерин модернизациялоого мамлекеттик жана жеке инвестициялардын өсүшү, анткени ал билимдер экономикасы үчүн негиздердин бири катары саналат. Арийне, бул логикага жатат, анткени кийинки постиндустриалдык фаза латын тилинен которгондо cognio –когнитивдик деп аталат, бул билимди, таанып-билүүнү, жаңы билимге ээ болуу жөндөмүн билдирет”, – деди ал. 

Ошондой эле Жапаров либералдык инвестициялык режим жана минималдуу административдик тоскоолдуктары бар тышкы соода саясаты, ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү – инвесторлордун мүлкүн коргоонун жакшы иштелип чыккан механизмдери экенин белгиледи. 

“Программаны ишке ашыруунун алкагында инвестицияларды коргоого, капиталдын эркин жылышына, чарбакер талаш-тартыштарды күч менен чечүүгө тыюу салууга, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин демилгелөө пландаштырылууда. КРнын Инвестициялык Кодекси иштелип жатат, анда инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча бардык жоболор айкалыштыралат”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы