МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат

МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат

Азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап, 9.5 миң жаран банктарга кезекке турушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуусунда билдирди.

Төлөгөнованын айтымында, 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3.8 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Шакиев МИКтин негизги максаты жарандарды арзан турак-жай менен камсыздоо экенин белгилеп: “Бирок компания тарабынан курулуучу объектилердин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Бардык курулуш эрежелери сакталып, талаптар аткарылганда гана салынган тамды кезек күткөн жарандарга берүү зарыл. Түркиядагы жаралган кырдаалды эске алып, жоопкерчилик чоң экенин унутпаңыздар”, – деди ал.

Алсак, бюджеттин эсебинен көп кабаттуу үйлөр курулуп, мамлекеттик ипотека аркылуу жарандарга берилери күтүлүүдө.

Өз кезегинде Төлөгөнова өзү жетектеген мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип: “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө 6.2 млрд сомго 2.5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун белгиледи.


МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат

Кыргызстандын комбанктары ипотекалык кредитти мамлекеттик кепилдик менен беришет

Кепилдик фонду «РСК банктын» насыя алуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берет

«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?

Эми мамлекеттик ипотека алууга арызды онлайн берсеңиз болот – МИК

4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК

“Мамлекеттик ипотекалык компания” аймактардын тургундары үчүн “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча өзүнчө кезек ачты

МИК: Ипотекалык каражат сурап жатканда кандай учурда өнөктөш банк каржылоодон баш тартышы мүмкүн?

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы