Ошто ипотекалык шартта турак-жай берүүнүн шарттары өзгөртүлдү

Ошто ипотекалык шартта турак-жай берүүнүн шарттары өзгөртүлдү

Ош шаарында “Ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында маалым болду.

Эми ипотекалык турак жайды сатып алуучу КРнын жөндөмдүү жарандары гана эмес, юридикалык жактар да боло алат.

Мындан тышкары:

  • 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга) деп өзгөртүлдү. Буга чейин 65 жашка чейин деп белгиленген
  • акыркы 5 жыл ичинде КРнын аймагында кыймылсыз мүлкү (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай) жок болушу керек. Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү
  • шаарда туруктуу жашоо жана тиешелүү каттоого туруу мөөнөтү 5 жылдан 3 жылга кыскартылды
  • үй-бүлөнүн бардык бойго жеткен мүчөлөрү үчүн муниципалдык ипотекалык программа боюнча турак жайды сатып алууга макулдук берүү зарылчылыгы алынып салынды
  • акыркы 5 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү
  • катталган жарандардын арасында турак жайды бөлүштүрүү батирлерди чүчү кулак кармоонун негизинде жүргүзүлөт.

“Кошумчалай кетсек, ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет.

Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет. Бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат”, – деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы