Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматынын башчысы жолугушуунун катышуучуларына салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында ККМ, ЭТТК, ЭЭФ киргизүүнүн максаттарын жана милдеттерин, аларды ишкердик субъекттери колдонуу зарылдыгын кыскача түшүндүрүп, ошондой эле чогулгандардын суроолоруна жооп берди.

ЭТТК – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү унаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ экенин эскертти. Жөнөкөй сөз менен айтканда – бул ишкердин “виртуалдык кампасы”.

“Башкача айтканда, мурда коомдук тамактануу жайлары жеткирүүчүлөр менен товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуп иштешкен, бирок кагаз түрүндө гана. Эми ушул эле коштомо кагаздар электрондук форматта гана колдонулушу керек”, – деди Салык кызматынын төрагасы.

Мындан тышкары, коомдук тамактануу субъекттери тарабынан ЭТТКны колдонуунун кажети жок, эң негизги талап – “ЭТТК” системасынан каттоодон өтүү жана товарларды жеткирүүчүлөрдөн ЭТТКны кабыл алуу зарыл.

ККМди колдонууга байланыштуу маселелерди талкуулоо учурунда Салык кызматынын башчысы коомдук тамактануу жайларынын өкүлдөрүнөн ар бир кардарга кассалык чек берүүнү унутпоосун суранды.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы