Кыргызстан энергетика тармагына жабдууларды алууга венгриялык компания менен кызматташат

Кыргызстан энергетика тармагына жабдууларды алууга венгриялык компания менен кызматташат

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчыга ишкананын продукциялары – жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, электр кыймылдаткычтар жана генераторлор жөнүндө маалымат берилди.

Жапаров компаниянын өкүлдөрүнөн өндүрүлгөн продукциялар тууралуу кененирээк сурап, аны ГЭСтерге орнотуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты.

“Ишканага барып келгенден кийин  Президент Садыр Жапаров аны коштоп барган тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун алкагында Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd компаниясы менен кызматташуу күтүлүүдө“, – деп айтылат билдирүүдө.

Аталган компания электр жабдууларын өндүрүү боюнча үч ири европалык ишканалардын бири болуп саналат, ошондой эле ар кандай колдонуу үчүн трансформаторлорду долбоорлоо жана сыноо боюнча адистешкен.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы