Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертүүсүз текшерүү жүргүзгөн «сырдуу кардар» долбоорун ишке киргизди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертүүсүз текшерүү жүргүзгөн «сырдуу кардар» долбоорун ишке киргизди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги улуттук “Сырдуу кардар” долбоорун ишке киргизди. Эми “Сырдуу кардарлар” күн сайын Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлоруна жөнөкөй жаран болуп, эч кандай эскертүүсүз барат Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, бул калкты тейлөө борборлорундагы коррупциялык факторлорду аныктоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.

“Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин дарегине сапатсыз кызмат көрсөтүү, орой мамиле жана кызматкерлердин компетентүү эместиги сыяктуу көп даттануулар келип түшүүдө. Биз барыбыз жакшы түшүнүп жатабыз, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болгон талап күн сайын өсүп жатат. Ошондуктан мамлекеттик кызмат көрсөтүү жогорку деңгээлде болуш керек”, – деп айтылат билдирүүдө.

“Сырдуу кардар” долбоору бардык социалдык мааниге ээ мамлекеттик кызматтарды камтыйт. Сатып алуулардын жыйынтыгы менен коррупциялык фактылар, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, КТБда жарандар үчүн жаралган тоскоолдуктар аныкталмакчы.

“Сырдуу кардар болуп каалаган өлкөбүздүн кайдыгер эмес жараны боло алат. Ал үчүн жаран 119 телефон номурундагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Колл-борборуна кайрылып, каттоодон өтүшү керек”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Экономиканын кайсы тармактары өлкөнүн бюджетинин негизин түзөт?

Экономиканын кайсы тармактары өлкөнүн бюджетинин негизин түзөт?

2025-жылдын январь–ноябрь айларында салыктык түшүүлөргө экономиканын алдыңкы тармактары олуттуу салым кошту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Алардын ичинен: * Соода тармагы – 31% (84,6 млрд сом) * Тоок-кен тармагы – 20,6% (56,7 млрд сом) * Курулуш – 8% (15,5 млрд сом) * Финансылык кызматтар – 4,7% (12,8 млрд сом) * Байланыш – 2,

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2025-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен 2025-жылга республикалык бюджетке жана 2026–2027-жылдарга карата пландуу мезгилге өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде парламенттин кароосуна киргизилет. 2025-жылга бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү * Кирешелер:  605,5 млрд сом * Чыгашалар: 590,1 млрд сом * Сальдо (айырма): 15,4 млрд

Сузактан келген делегат Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин көтөрдү

Сузактан келген делегат Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин көтөрдү

IV Элдик курултай учурунда Сузак районунан келген делегат Залкарбек Макамбаев Кара-Дарыя айылында улуттук телеберүүлөр жеткиликтүү эместигин билдирди. "Биздин айылга телеберүүлөрдү таркатуучу станция жана уюлдук операторлордун антеналарын орнотуп берүүнү суранабыз. Экинчи маселе - 18 миң калкы бар айылыбызда маданият үйү жок маданий иш-чаралар мектептин залында өткөрүлүп келет. Эски маданият үйүн

Быйыл "Кыргызкөмүр" 1 млн 350 миң тонна көмүр өндүрүп, план 115%га аткарды

Быйыл "Кыргызкөмүр" 1 млн 350 миң тонна көмүр өндүрүп, план 115%га аткарды

2025-жылы "Кыргызкөмүр" ишканасы көмүр тармагындагы позициясын бекемдеп, өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү ийгиликтүү жогорулатты. Жыл жыйынтыгы менен Кара-Кече кенинде жана башка участоктордо көмүр казып алуу пландан ашыкча аткарылып, жалпы өндүрүш көлөмү 1 млн 350 миң тоннага жетти. Бул пландык көрсөткүчтөрдүн 115%ын түзөт. Өндүрүштүн туруктуу жүрүшү Бишкек ЖЭБин жана өлкө калкын