КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз - минкаб

КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз - минкаб

“Өкмөттүк Акселераторлор” эксперттик тобунун алкагында, Кыргызстанда Эгемендүү фондун түзүү маселеси боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүнү эмират тараптан суранабыз. Мындай суранычы менен минкабдын төрагасы Дубай шаарына болгон иш сапарынын алкагында БАЭнин Келечек министри жана Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитин (WGS) уюштуруу төрагасы Мухаммад бин Абдулла Аль Гергавиге кайрылды.

Жапаров, КР БАЭ менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана андан ары чыңдоого терең кызыктар экенин белгиледи.

“Учурда дүйнөнүн алдыңкы оюнчулары болуп саналган суверендүү байлык фонддорун түзүүдө Араб Эмираттарынын ийгиликтүү жана ошол эле учурда уникалдуу тажрыйбасы белгилүү. Биз бул багытта Эмираттын тажрыйбасына абдан кызыктарбыз, ушуга байланыштуу, “Өкмөттүк Акселераторлор” эксперттик тобунун алкагында, КРда Эгемендүү фондун түзүү маселеси боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүнү эмират тараптан суранабыз”, – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2016-жылы БАЭ Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик акселераторлорду” КРда ишке киргизүү боюнча кыргыз тарап тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча презентация болду.

Мухаммад бин Абдулла Аль Гергави КР менен “Мамлекеттик акселераторлорду” методологиясын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу БАЭ Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жакын арада Эмираттын Өкмөттүк акселераторлор командасынын КРга иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы