Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21.2 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кореянын КРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чже менен жолукканда маалым болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өзгөчө, 2023-жылга карата Корея тарабынан каралып жаткан долбоордук өтүнмөлөр боюнча сүйлөшүү жүргүздү. 

  • Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун колдоосу менен “Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү” (бюджети 9 млн доллар).
  • Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Корея агенттиги тарабынан “Инфекциялык ооруларды изилдөө институтун түзүү” (бюджети 8 млн доллар).
  • Кореянын Транспорт министрлиги тарабынан “Кыргызстандын геомейкиндик маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн жана жерди башкарууну жакшыртуу үчүн геомейкиндиктик маалыматтык кызматташуу борборун түзүү” (бюджети 4.2 млн доллар).

Элчи Ли Вон Чже корей тарап кыргыз-корея кызматташтыгын андан ары илгерилетүүнү улантаарын айтты. 

“Бул жааттагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо максатында Корея тарапты долбоорлорду мындан дагы натыйжалуу ишке ашыруу жана Сэмаыль Ундонгдун тажрыйбасын Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу үчүн Бишкекте “Сэмаыль Ундонг” борборунун кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырам”, – деди минкабдын төрагасынын орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы