Кыргызстанда быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда 2023-жылы 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Ошондой эле Үсөнбекова Кыргызстанда бизнес долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана потенциалдуу инвесторлордун кредиттик тобокелдигин азайтуу максатында Долбоордук кеңсе түзүлгөнүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Координациялык кеңеш 3 долбоорду, дагы 4 облуста канаттууларды өстүрүү, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүү тармагында 10 долбоорду, Бишкек шаарында медициналык борборун, спорт комплекстерин куруу өнүктүрүү институттарына өткөрүп берди, химиялык өнөр жай өндүрүшү иштелип жатат жана марттын аягына чейин даярдалат», – деди ал.

Үсөнбекованын айтымында, быйыл Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштерди жандантып, жаңы ачылган, модернизацияланган жана реконструкцияланган ишканалардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы