АӨБ Алматы - Бишкек каттамына электробустарды жүргүзүү долбоорун сунуштады

АӨБ Алматы - Бишкек каттамына электробустарды жүргүзүү долбоорун сунуштады

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Алматы менен Бишкектин ортосунда электроавтобустар жүргөн каттамды ачууну пландоодо. Бул долбоордун бет ачары 16-февралда Алматы – Бишкек экономикалык коридору боюнча эксперттик топтун жыйынында сунушталганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сунуш транспорт инфраструктурасы, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы Алматы – Бишкек экономикалык коридору долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.

Азия өнүктүрүү банкы ошондой эле чек ара кызматтарын жакшыртуу, альтернативдик Алматы – Бишкек жолун куруу боюнча долбоорлорду сунуштады.

Жыйында Бишкек жана Алматы шаарларындагы абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, табигый кырсыктарды алдын алуу, саламаттыкты сактоо, атап айтканда, аймактык маалымдама борборун түзүү жана башкалар боюнча кыргыз жана казак тараптын баяндамалары угулду.


Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү  технологиялык борбор болот

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү технологиялык борбор болот

"Кызмат" мамлекеттик уюмунда 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жарандарга 3,9 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн, анын ичинен 500 миңдей кызмат онлайн форматта берилген. Эң көп жүктөлгөн борбор катары Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу 01-01 КТБ белгиленген. Басма сөз кызматы атап

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып  пул салынды

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Талас облусунда жаңы соода борбору жана мейманкана курууда мыйзам бузуулар аныкталганын Курулуш министрлиги билдирди. Анын маалыматына караганда, Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл департаментинин регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Туралдиева көчөсү, 183а дарегиндеги объекттерге пландан тышкары текшерүүлөрдү өткөрүшкөн. Текшерүүдө курулуш талаасында коопсуздук эрежелери сакталбаганы жана техникалык регламенттердин бузулушу катталган. Натыйжада "Алтын Казык

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун маяналары жогорулайт

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун маяналары жогорулайт

Эсептөө палатасы аудиторлордун санын тогуздан үчкө кыскартууну сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору 9-февралда Жогорку Кенештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде ведомствонун башчысы Алмаз Акматов тарабынан сунушталды. Алмаз Акматовдун айтымында, мындай чечим оптимизациялоо максатында сунушталууда. "Бүгүнкү күндө биздин аппаратта 98 инспектор бар, алар аудитти жүргүзүшөт. Аудиторлор болсо

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Концессиялык келишимди шаар башчысы Женишбек Токторбаев менен кытайлык "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" компаниясынын жетекчиси Дай Дао кол коюшканын түштүк борборунун мэриясы кабарлады. Долбоор боюнча ишкана жылына 310 миң тоннага чейин таштандыларды кайра иштетип, электр