Ипотекалык насыя алууда эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Ипотекалык насыя алууда эмнелерге көңүл буруу зарыл?


Батирди ижарага алып жашоо кыйла каражат талап кылат, ал эми өзүнчө үй сатып алууга кудурет жетпейт, эмне кылуу керек? Мындай учурда ипотека шартында кредит алуу орун алган жагдайдан чыгууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Эң башкысы, жакшылап ойлонуп, так эсептеп чыгуу зарыл дейт калкты сабаттуулукка окуткан “Финсабат”.

Төмөндө “Финсабаттын” ипотекалык кредит алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин маалымдаган макаласы берилет.

Ипотекалык кредит – бул, банк тарабынан кыймылсыз мүлк күрөөсү алдында сунушталуучу, узак мөөнөткөк аралган максатуу кредиттик продукт болуп саналат. Ипотеканы тариздетүү –  олуттуу чечим. Башка кредиттик продукттарга караганда ипотека кредити олуттуу суммада, узак убакытка (5 жылдан 12 жылга чейин) жана алда канча аз пайыздык чен алдында берилет.

  • Ипотекалык кредит келишимин тариздетүүдө сатып алып жаткан турак жайдын өзү күрөө катары банкка сунушталат. Келишим боюнча банк кредитор, ал эми үй сатып алып жаткан жаран карызгер болуп саналат. Мында кредитор бир эле учурда күрөө кармоочу катары да иш алып барат. Ипотекалык кредитти белгиленген мөөнөттө банкка кайтаруу, ошондой эле банктын каражатын пайдалангандыгы үчүн ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөп берүү карызгердин милдети.
  • Ипотека кредитин сунуштоо процесси кардарлардан талап кылган ири көлөмдөгү документтерди, б.а. күрөөлүк документтерди, карыз алуучунун ким экендигин тастыктаган документти, анын кирешелерин, башка каражат булактарын тастыктаган документтердин тариздетилишин болжолдойт. Тиешелүү документтерди чогултуу, аларды кылдат кароодон өткөрүү, андан соң гана чечим кабыл алуунун өзү да кыйла убакытты талап кылат.
  • Банктар албетте, сатып алып жаткан батирдин же турак үйдүн толук суммасын бере албайт. Алгач алар баштапкы төлөмдүн төлөнүшүн талап кылат. Баштапкы төлөм –бул, кардар өз эсебинен төлөөгө тийиш болгон, б.а. сатып алып жаткан турак үйдүн наркынын кеминде 30%ын түзгөн сумма. Баштапкы төлөм өлчөмүн ар бир банк өз алдынча чечүүгө тийиш.
  • Банк сатып алып жактан турак жайдын наркына жана кардардын кирешесине жараша тиешелүү сумманы берет. Ипотека кредитин алуу чечимин кабыл алуудан мурда карыз алуучу өзүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалап, келип түшүүчү кирешесин жана болжолдонуп жактан чыгашаларды так эсептеп пландаштыруусу зарыл. Ошентип, ипотека боюнча ар айлык төлөөлөр үй-бүлөнүн киреше калдыгынын 50%нан ашпагандай эсептелинүүгө тийиш.
  • Банктар ар айлык кирешени аныктоо үчүн карыз алуучунун иштеген жеринен маалымат катты, Социалдык фонд органдарынын көчүрмөлөрдү, ошондой эле зарылчылыкка жараша негизги ишине байланыштуу болбогон башка киреше булактары боюнча да маалым каттарды талап кылышы ыктымал. Карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесин эсептөөдө банк анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык кирешесин чогуу эсептеп суммалайт. Эгерде ишкердиктен да киреше алган болсо, ипотекалык кредит ордун жабуу үчүн финансылык жактан туруктуулугун тастыктаган документтерди (кызмат көрсөтүүлөр, товар сунуштоо, иш бүткөрүү боюнча келишимдерди)  кароого сунуштоого милдеттүү.

Айрыкча келишимдердин карыз алуучунун милдеттерин, милдетенмелерин, жоопкерчилигин айкын чагылдырган шарттарын кылдат иликтөөгө алып, таанышып чыгуу менен кредиттик келишимде маани-маңызы түшүнүксүз, адашууга, бурмалоого алып келген шарттар камтылбагандыгына толук ынануу зарыл.

Эң башкы шарт – банкка өзүнө тиешелүү, тапкан кирешелери боюнча толук жана так маалыматтарды берүү.

Тажрыйба көрсөтүп тургандай эле, ипотека келишимин түзүүдө орун алышы ыктымал болгон эң башкы тобокелдик – бул, валюта тобокелдигинин өзгөрүп турушу – б.а. кредиттөө мөөнөтү канчалык узак болсо, валюта тобокелдиги ошончолук жогору. Мына ошондуктан да КРнын мыйзам талаптарына ылайык жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык кредиттерди берүүгө тыюу салынган.

Учурда Кыргызстанда өкмөттүн “Жеткиликтүү турак-жай”  программасы ийгиликтүү өздөштүрүлүп жатат. Анын алкагында Мамлекеттик ипотека компаниясы төмөндөтүлгөн пайыздык чен алдында ипотека кредитин сунуштап келет. Ошентип,  курулуп бүткөн даяр үйдү сыяктуу эле, жаңыдан курулуп жаткандарды да ушул кредит боюнча сатып алуу системасы жөнгө салынган. Бул боюнча ырааттуу толук маалыматты www.gik.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү  технологиялык борбор болот

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү технологиялык борбор болот

"Кызмат" мамлекеттик уюмунда 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жарандарга 3,9 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн, анын ичинен 500 миңдей кызмат онлайн форматта берилген. Эң көп жүктөлгөн борбор катары Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу 01-01 КТБ белгиленген. Басма сөз кызматы атап

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып  пул салынды

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Талас облусунда жаңы соода борбору жана мейманкана курууда мыйзам бузуулар аныкталганын Курулуш министрлиги билдирди. Анын маалыматына караганда, Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл департаментинин регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Туралдиева көчөсү, 183а дарегиндеги объекттерге пландан тышкары текшерүүлөрдү өткөрүшкөн. Текшерүүдө курулуш талаасында коопсуздук эрежелери сакталбаганы жана техникалык регламенттердин бузулушу катталган. Натыйжада "Алтын Казык

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун маяналары жогорулайт

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун маяналары жогорулайт

Эсептөө палатасы аудиторлордун санын тогуздан үчкө кыскартууну сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору 9-февралда Жогорку Кенештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде ведомствонун башчысы Алмаз Акматов тарабынан сунушталды. Алмаз Акматовдун айтымында, мындай чечим оптимизациялоо максатында сунушталууда. "Бүгүнкү күндө биздин аппаратта 98 инспектор бар, алар аудитти жүргүзүшөт. Аудиторлор болсо

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Концессиялык келишимди шаар башчысы Женишбек Токторбаев менен кытайлык "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" компаниясынын жетекчиси Дай Дао кол коюшканын түштүк борборунун мэриясы кабарлады. Долбоор боюнча ишкана жылына 310 миң тоннага чейин таштандыларды кайра иштетип, электр