Салык кызматында быйыл айып санкциялар колдонулбайт

Салык кызматында быйыл айып санкциялар колдонулбайт

ЭТТКны колдонууда ишкерлерде пайда болгон кыйынчылыктарды эске алуу менен Салык кызматында быйыл айып санкциялары колдонулбайт, бул системага жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик салык кызматы 17-февралда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу маселеси боюнча бизнес өкүлдөрү менен чай үстүндө жолугушуу өткөрүп, ЭТТКны киргизүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө Салык кызматы ЭТТК системасын киргизүүгө бизнестин реакциясына мониторинг жүргүзөрүн жана бизнеске ыңгайлуу болуш үчүн, аны жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи.

МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов Салык кызматы жыл аягына чейин бир катар системаларды бириктирүү үстүндө иштеп жатканын, бул ишкерлердин ишин жеңилдетерин билдирди.

ЭТТКны колдонууда ишкерлерде пайда болгон кыйынчылыктарды эске алуу менен Салык кызматында быйыл айып санкциялары колдонулбайт, бул системага жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет.

“ЭТТК мамлекетке гана эмес, бизнеске да керек. Муну жакынкы күндөрү өзүңөр байкайсыңар. Кээ бирөөлөр ачык-айкын иштегиси келбегендиктен нааразылыктарын билдирип, коомчулукка туура эмес маалымат берип, товарлардын кымбатташынан коркуп жатышат. Алар менен да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”, – деди Абдувапов.


Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан бери мунай, мунайзаттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан бери Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр ЭТТКны колдонушууда. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы