«Санариптик көчмөн» программасы менен Кыргызстанга 1 миңден ашуун IT адистери жана бизнесмендер келди

«Санариптик көчмөн» программасы менен Кыргызстанга 1 миңден ашуун IT адистери жана бизнесмендер келди

Өткөн жылдын сентябрынан бери 1049 адам “Санариптик көчмөн” макамын алган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова ведомствонун 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясындагы баяндамасында билдирди.

Анын айтымында, мындай статуска ээ болгон 22 адам Ишкерлерди тейлөө борборунда жеке ишкер катары каттоодон өткөн.

Жалпысынан 2022-жылдын 29-сентябрынан 2023-жылдын 10-февралына чейин санариптик көчмөн статусуна 2799 арыз түшкөн. Алардан:

  • «Санариптик көчмөн» статусу 1049 адамга берилди
  • 1528 талапкерге берилген эмес
  • 207 арыз жокко чыгарылды – туура эмес маалыматтардан же кайра тапшыргандыктан
  • 12 арыз УКМК тарабынан каралууда
  • Дагы эки адам УКМКдан тастыктоону күтүп жатат
  • Бир адам Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан арызынын каралышын күтүп жатат.

Эске салсак, өлкөгө IT тармагынын адистерин тартуу үчүн “Санариптик көчмөн” (Digital nomad) статусун берүү онлайн порталы ишке киргизилген. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ошондой эле Азербайжан менен Молдованын жарандарына берилет. Бул макам ал өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанда жүргөн жеринде каттоосуз жана иштөөгө уруксаты жок жүрүүгө мүмкүндүк берет. Статустун аркасында автоматтык түрдө жеке идентификациялык номерди (ПИН) жана башка көптөгөн нерселерди алууга болот.


«Санариптик көчмөн» статусун кантип алууга болот жана ал кандай артыкчылыктарды берет?

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы