Быйыл жол тармагына республикалык бюджеттен 14.5 млрд сом каралды
Жол тармагын өнүктүрүү максатында, 2023-жылга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен жалпысынан, 14.5 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичиде:
- учурдагы бюджеттен – 2.3 млрд сом
- мамлекеттик инвестициялар – 12.1 млрд сом.
Азыркы күндө Финансы министрлиги тарабынан учурдагы бюджеттен унаа жолдорун кышкы тейлөөгө жана битум сатып алууга 434 млн сом суммасында каржылоо ачылган.