Апта ичинде КФБда соода 43%га төмөндөдү
Өткөн аптада биржада 11.68 млн сомдук 33 гана бүтүм катталып, сооданын көлөмү 43.4%га кыскарган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Биржада соода көлөмүнүн төмөндөшү акциялар менен бүтүмдөрдүн жоктугу жана корпоративдик облигацияларды биринчилик рыногунда сатуу көлөмүнүн азайышы менен, ошондой эле экинчилик рынокто облигациялар менен бүтүмдөрдүн жоктугу менен байланыштуу болгон.
Мамлекеттик баалуу кагаздар тууралуу айта турган болсок, акыркы үч жылда биринчи жолу 310 миң сомдук мамлекеттик казына облигациялары менен бир бүтүм жасалган.
Биринчилик рынокто корпоративдик облигациялардын соодасынын жалпы көлөмү 11.2 млн сомду түздү