Бишкекте апрель айында Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун кеңсеси ачылат

Бишкекте апрель айында Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун кеңсеси ачылат

Бишкекте апрель айында Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун (GGGI ) кеңсеси ачылат. Бул тууралуу кабминдин төрагасы Акылбек Жапаров  GGGI башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегацияны кабыл алуу учурунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.

«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44% кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот», – деди Жапаров.

Өз кезегинде Франк Рейсберман өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада GGGI филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.


Маалымат иретинде:

Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институту (GGGI) 2012-жылы Рио+20 (Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү боюнча Конференциясы) конференциясында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм болуп саналат, ал өлкөлөргө экономикалык өсүштүн жаңы моделин — “жашыл өсүштү” иштеп чыгууда жана жайылтууда колдоо көрсөтүп, бир эле учурда экономикалык көрсөткүчтөргө жана экологиялык туруктуулукка багытталган. GGGI иши жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго каражат табуу үчүн өкмөткө техникалык жардамды берүүнү айкалыштырат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы