Экономика министрлигинде документ жүгүртүү 218%га өстү

Экономика министрлигинде документ жүгүртүү 218%га өстү

2022-жылы Экономика министрлигинде документ жүгүртүү 114.6 бирдикти түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 218%га көбөйгөн. Бул тууралуу жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, президенттин администрациясынан 11 миң 247 документ, анын ичинде мыйзамдар, жарлыктар, буйруктар келип түшкөн. 2021-жылга салыштырмалуу +8402 документке көбөйгөн же өсүш +395%ды түзгөн.

  • Министрлер кабинетинен – 7488 документ, анын ичинде токтомдор, тескемелер, протоколдук тапшырмалар келген. 2021-жылга салыштырмалуу 3422 документке көбөйүү, же өсүш +84% түзгөн.
  • Жогорку Кеңештен 454 документ, анын ичинде токтомдор, протоколдук тапшырмалар, депутаттык суроо-талаптар, ошондой эле жарандардын кайрылуулары келип түшкөн. 2021-жылга салыштырмалуу +19 документке көбөйүү же өсүш +4.4%ды түзгөн.
  • Отчёттук мезгилде жарандардан 787 кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын 787 арызынын ичинен 787си аткаруу контролуна алынып, 735и мөөнөтүндө аткарылган, 36 кайрылуу мөөнөтүн бузуу менен аткарылган, 330 адам “коомдук кабылдама” аркылуу кайрылган.

2022-жылы министрлик тарабынан 311 долбоор демилгеленген, алардын ичинен:

  • 65 мыйзам долбоор
  • КР МК 246 чечимдеринин долбоорлору (тескемелер, токтомдор)
  • Кабыл алынганы: 17 мыйзам долбоору
  • КР МК 146 токтому, тескемелери.

Министрликте белгиленген форма боюнча документ жүгүртүүгө талдоо жүргүзүлөт жана алардын негизинде таблицалык формада отчеттор берилет, анда контролдук тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү, демилгеленген, кайтарылган жана чакыртып алынган ЧУАнын динамикасы көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы