Кыргызстан Россиядагы онлайн-дүкөндөргө товар жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан Россиядагы онлайн-дүкөндөргө товар жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди

2022-жылдын аягында Кыргызстан биринчи жолу россиялык интернет-дүкөндөргө товарларды жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу “Коммерсантъ” басылмасы жазып чыкты.

Маркетплейске товарларды жеткирген биринчи беш өлкөнүн катарына Кыргызстан менен бирге Беларусь да кирди. Россиялык интернет сайттарда иштеген сатуучулар өткөн жылы бул эки өлкөдөн товарларды көп сатып ала башташканын “Коммерсантъ” «Точка» финтех-компаниясына шелтеме берүү менен билдирди.

Россияда сатылган онлайн продукциянын 11%ы Кыргызстанга туура келген. 2021-жылы республикадан 5%, 2020-жылы 2% импорттолгон.

Рыноктун катышуучуларынын пикири боюнча, Кыргызстан менен Беларусь РФга параллелдүү импорт жана логистика жагынан ыңгайлуу, себеби Украинада согуштун башталышы менен бул тармакта башка өлкөлөр менен логистика татаалдашып кетен.

Ошондой эле жаңы камсыздоо каналдарын ачуунун аркасында ири интернет сайттар бир жылдын ичинде сатуучулардын санын эки эседен ашык көбөйтүүгө жетишишкен.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы