Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган - Урмат Акулуев

Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган - Урмат Акулуев

Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо жана күрөө боюнча Башкармалыгынын жетекчиси Урмат Акулуев Economist.kg басылмасы уюштурган «Кооперативдер – турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деген темадагы тегерек столдо азыркы мезгилде жалпысынан 4000ден ашуун кооперативдер бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган. 

“Коммерциялык эмес кооперативдерде көйгөйлөр бар. Бул жерден жабыр тарткандар бизге келип: ” Силер лицензия бериптирсиңер”, – деген дооматтарды коюшат. Бирок биз, Юстиция министрлиги, мыйзам боюнча иш алып барабыз. Каттоочу орган катары тиешелүү документтерди алып келишсе, юридикалык жактан туура болсо, каттап гана беребиз. Мыйзамда кандай талаптар каралса, уставда да ошондой көрсөтүлүшү керек.

Ал эми турак жай кооперативдерин көзөмөлдөө, текшерүү биздин компетенцияга кирбейт. Ар бир жаран өзү документ иштерине кол коё турган учурда кылдаттык менен таанышып чыгуусу зарыл. Ал эми ар кандай түшүнүксүз суроолор болгондо, Юстиция министрлигинин алдында суроолорго жооп берүүчү кишилерге, аймактык башкаруу кызматкерлерине акысыз кайрылсаңыздар болот”, – деди ал.

Ошондой эле ал ушулардын баарын эске алып, жарандардын жагымсыз жагдайга туш келип калбашы үчүн кооперативдер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышкандарын, акча которуудагы ачык-айкындуулук болуш керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы