Каныбек Иманалиев Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн сунушталат.
Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, 54 жаштагы Каныбек Иманалиев 2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр палатасына депутаттыкка шайланган. Ал эми 2010-жылы “Ар Намыс”, 2015-жылы «Ата Мекен» партияларынын тизмеси менен депутат болуп, 2021-жылы болсо президенттик шайлоого катышкан.