Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек - Айнура Иманбекова

Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек - Айнура Иманбекова

Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек. Мындай пикирин Economist.kg басылмасы уюштурган «Кооперативдер — турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деген темадагы тегерек столдо Кыргызстандагы Кооперативдер бирикмесинин төрайымы Айнура Иманбекова айтты.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда калк, бийлик кооперативдердин табиятын дагы деле түшүнүшө элек жана бирок бул дүйнөлүк тажрыйбада ийгиликтүү колдонулуп келет.

«Кооператив боюнча  менин 25 жылдык тажрыйбам бар. Турак жай кооперативи боюнча бизде түшүнүк жокко эсе. Биз кооперативдин табиятын түшүнбөй жатабыз. Дүйнөлүк тажрыйбадан үйрөнүшүбүз керек. Башка өлкөлөрдө кооперативдер мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, колдоо көрсөтүлүп, пайдаланылып келе жатат. Мисалы, Германиянын согуштан кийин калыбына келишине так ушул турак-жай кооперативдеринин жардамы  тийген.
Бизде да элибиздин кызыкчылыгы үчүн  Кыргызстанга дал келе турган форманы таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгып, аны колго алып, көзөмөлдөө жүргүзүп, ачык-айрымдык киргизип иш алып барышыбыз керек», — деди ал.

Иманбекова ошондой эле турак-жай кооперативдерин өнүктүрүү жакшы нерсе экенин, элдерди турак-жай менен камсыз кылууда мамлекеттик саясат болуш керектигин билдирди.

«Турак-жай кооперативдеринин мыйзамын иштеп чыгуу керек. Мамлекетке жардам гана болот», — дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы