Баткендеги турак үйлөрдүн курулушу март-апрель айларында бүтөт - Акылбек Жапаров

Баткендеги турак үйлөрдүн курулушу март-апрель айларында бүтөт - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинети Баткендеги куралдуу кагылышуудан бузулган үйлөрдүн курулушун март-апрель айларында, ал эми социалдык объекттерди болсо 2023-жылдын сентябрына чейин бүтөт деп убада кылууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн минкабдын төрөгасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна баардык тараптан колдоо көрсөтүлүп, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи.  

“Буйруса турак үйлөрдү куруу иштерин март-апрель айларында аягына чыгаралы деп жатабыз. Андан соң, үй эмеректерин толтуруу жагы дагы каралат”, – деди Жапаров. 

Ошондой эле ал жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып 2023-жылдын сентябрына чейин баардык социалдык объектилер бүткөрүлөөрүн билдирди. 

Минкаб учурда жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлгөнүн маалымдады. Эскерте кетсек, жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри күтүлүүдө. 

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.