ӨКМ Испаниянын Airbus-C295 учагын кредитке сатып алууну ниеттенүүдө

ӨКМ Испаниянын Airbus-C295 учагын кредитке сатып алууну ниеттенүүдө

22-февралда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Испаниянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегрону кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда министр Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаал болгон аймактарга куткаруучуларды жана куткарууга тиешелүү шаймандарды ыкчам жеткирүү, өзгөчө авиациялык издеп-куткаруу иштеринде колдонуу үчүн Испаниянын Airbus Defence and Space компаниясы тарабынан чыгарылган Airbus-C295 учагын сатып алууга кызыкдар экендигин билдирген.

Өз кезегинде элчи Кыргызстанда колдонууга ылайыктуу Airbus-C295 учагынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө токтоло кетти.

“Учактын кымбаттыгын эске алынып, аны алуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. Анда сунушталган каржылоо механизмдеринин бири катары жеңилдетилген кредиттөө аркылуу алуу маселеси каралды. Элчинин бул долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароого даярдыгы жөнүндө сунушун эске алып, бул маселе боюнча келечектеги жолугушууларды банктын өкүлдөрү менен биргеликте үч тараптуу форматта өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда тараптар Airbus-C295 учагын алуу боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жалпы каалоолорун ырасташты

Мындан тышкары окуңуз

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.